Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
"УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.
Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн күбө катары суракка чакырылды.
УКМК Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт. Тергөөнүн жыйынтыгында, күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына өздүк булактар Сооронбай Жээнбековдун УКМКда сурак берип жаткандыгын билдирген.