Ысык-Көл биосфералык аймагындагы экопостту жоюудан бюджетке 11 миллион сом түшпөй калды
Ысык-Көл биосфералык аймагына кире беришиндеги экологиялык постту жоюудан бюджетке 11 миллион сом түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эркингүл Иманкожоева билдирди.“Ысык-Көлдөгү экологиялык пост өкмөттүн токтому менен алынып ташталган. Андан соң эч кандай иш-чара иштелип чыккан жок. Бул ишти вице-премьер Тайырбек Сарпашев аткарышы керек эле. Чет мамлекеттерде атайы корголгон жаратылыш парктарынын, жадакалса аэропорттун кире беришинде да тийиштүү каражат алынат. Ал эми бизде өзгөчө биосфералык макамы бар аймагыбызга кирүүдө эч кандай каражат төлөнбөгөндүгү максатка туура келбейт”,- деди депутат.