Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө
Сатыбалдиев 31-октябрда Америка Кошмо
Штаттарынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
билдирди. Жолугушуунун
жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоо, анын ичинде CASA-1000
долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан сырткары тараптар
учурда Бишкекте өтүп жаткан энергетика тармагын реформалоо боюнча эл аралык
конференциянын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Премьер-министр
энергетика тармагы тоо-кен өнөр жайы жана туризм менен катар ата мекендик
экономиканын келечектүү багыты болуп саналарын белгиледи. Памела Спратлен
өкмөт менен «Центерра Голд Инк.» жетекчилигинин ортосундагы
«Кумтөр» долбоорун реструктуралоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө кызыкты. «Кыргызстан
үчүн «Кумтөр» маселесин сүйлөшүү жолу менен гана чечүү маанилүү.«Кумтөр» маселесин тынч жол менен
чечүү өлкөнүн кадыр-баркына жакшы таасир жаратып, инвестициялык климат да
жакшырат»,- деди элчи.