Вице-премьер-министр Социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жыйынын өткөрдү

Вице-премьер-министр Камила Талиева 31-октябрда Социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында 2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга байланыштуу маселелер каралды. Пенсиялар орточо эсеп менен 460 сомго же 111,2 пайызга жогорулатылып, бул жогорулатууга керектүү болгон 798,7 млн. сом бюджетке кошумча киргизилгендиги белгиленди. Жыйында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө мыйзам долбоору Байкоочулар кеңешинин кароосуна коюлуп, талкууга алынды. Мындан сырткары Социалдык фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджетинин жана 2015-2016-жылдарга божомолунун долбоору толук иштелип чыгып, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна коюлду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан