"Уруша кетишкен". Чүйдө өз атасын өлтүрүүгө шектүү жаран милицияга өзү келди

Чүй облусунун Москва районунда атасын өлтүрүүгө шектүү жаран милицияга өзү келген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 12-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында Москва райондук милициясына Петровка айылынын 30 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кайрылып, өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-август күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, атасынын денесине жаракат келтиргенин, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

"Алынган маалыматтын негизинде, Москва РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан