Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Эркин Алымбеков бүгүн, 1-ноябрда шайлоочулар менен жолугушат. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу саат 10:00дө Бишкек шаарынын 5-кичи районунда өтөт. Анда жалпы пайдалануучу балдар аянтчасындагы мыйзамсыз курулуш боюнча № 43, 44, 45, 46, 48, 50-үйлөрдүн тургундарынын арызы боюнча сөз болот.