Өлкө башчы Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, өлкөлөр ортосундагы соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышы жана илдетке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.
"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканын баса белгилеп, ачык пикир алмашууга жана жогорку деңгээлде диалогду жандандырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоого чоң маани берерине токтолуп, бул багыттагы өз ара алакалар тереңдерине бекем ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров мураскер ханзааданы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында Кыргыз жергесине расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды", - дешет маалымат кызматынан.
Мохаммед бин Заид Аль Нахаян Садыр Жапаровдун чакыруусун кабыл алуу менен өз кезегинде аны да Бириккен Араб Эмираттарына сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал жакын арада соода -экономикалык байланыштарды жолго коюу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында Кыргыз жергесине өкмөттүн ишкерлик боюнча делегациясын жиберерин айтты.