Бишкекте бильярд клубдарынын биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт бүгүн, 16-августта орун алды.
Белгилүү болгондой, Медеров көчөсүндө “Каган” бильярд клубунун 4 даана пластик терезеси, жумшак эмерек, кондиционер жана 50 чарчы метр шыбы күйдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.