Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 1-2-ноябрда “Насирдин Исанов - Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чара эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата уюштурулууда. Конференцияда жогорку окуу жайлардын өнүгүү тенденциялары, заманбап курулуш материалдары жана технологиялар, транспорт жана курулуштагы коопсуздук, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан Евразия темир жолуна байланыштуу маселелер каралат.