Ооганстан толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Орто Азия, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө тынчсызданууга негиз жокпу? Саясий серепчинин пикири

Тектеш кабарлар: АПТАСОБОЛ (41 материал)

"Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон.

SUPER.KG порталы "Ооганстан толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Орто Азия, анын ичинде Кыргыз өлкөсү тынчсызданууга негиз жокпу?" деген собол салды.

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов бул боюнча пикирин билдирди. "Бир жагынан тынчсызданууга негиз бар. Алар баш аламандыкка чейин барып жатышат. Бирок тарыхты карап көрсөк, "Талибан" кыймылы эч качан өзүнүн чек арасынан өткөн жок. Алардын максаты Ооганстанда бийликти кармоо жана көзөмөл кылуу болуп эсептелет. Бирок 20 жылдан бери "Талибан" кыймылынын айырмасы бар.

Бийликти алган оңой. Бирок эң оор күз-кыш мезгили жакындап калды. Алар экономикалык жактан эч нерсе жасай алышпайт. Ооганстанда экономика жок. Баңгизаттарды сатып, грант, насыялар менен жашашат. Бийликти алгандан кийин экономиканы өнүктүрүү керек", - дейт Осмонбетов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан