Жалал-Абад облусунда №2027 аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын 21 жаштагы жоокери нөөмөттө турган кезде өзүн-өзү көкүрөккө аткан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ал Ноокен райондук ооруканасында дарыланып жатат.
"Ок сол тарабына тийген. Бүгүнкү күндө аскердин абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жанында апасы карап жатат.
Аталган М.Ж. аттуу жоокер 2021-жылы аскердик кызмат өтөөгө чакыртылган. Ал кызмат өтөгүсү келбегендиктен, аскер бөлүктөгү психологдун көзөмөлүндө болуп келген. Алдын ала маалымат боюнча, М.Ж. аскерден кетүү максатында ушундай кадамга барган", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканы кошумчаланды.