"Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон.
SUPER.KG порталы "Ооганстан толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Орто Азия, анын ичинде Кыргыз өлкөсү тынчсызданууга негиз жокпу?" деген собол салды.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай тынчсызданууга негиз бар болуп жатканын айтты. "Ошон үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрү чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аскердик даярдыктарды көрүп жатышат. Азыр кандай болуп кетерин билбейбиз. "Талибан" кыймылы Борбор Азияга баары бир таасирин берет. Авторитардык, тоталитардык мамлекеттер динге катуу турган республикаларга Өзбекстан, Тажикстанга таасирин берет.
Дүйнө жүзүндө мамлекеттер чогуу сүйлөшүп иш кылалы деп жатышат. "Талибан" кыймылынын бийлигин кабыл алуудан баш тартып тургула, сүйлөшүп алалы" деген чакыруулар болуп жатат", - дейт Алмаз Тажыбай.