"Арасында ымыркай бар". Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан каза болгондордун саны 7ге жетти

Буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болгону кабарланган. Көп өтпөй кырсык Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калгандан улам келип чыкканы маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, Кочкор райондук ооруканасына жаткырылгандардын ичинен 2 адам, тагыраагы 1 ымыркай жана 74 жаштагы киши каза болду.

Муну менен жалпы 23 адам жол кырсыгына учурап, анын ичинен 7 адам каза болду. Учурда жабыркаган жана каза болгон жарандардын аты-жөндөрү такталууда. Жеринде 4 куткаруучу иш алып барууда.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 5 жаран жеринде каза болуп, 14 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-08-17 22:08:15
Ото окунучтуу!
0
Jaka1978
2021-08-17 22:26:57
Эх жаратканым бөөдө кырсыктан г, өтө өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан