Артур Медетбеков: "Дүйнө жүзүндө "Талибан" кыймылынын бийлигин бардык мамлекеттер тааныбай турат"

Тектеш кабарлар: АПТАСОБОЛ (41 материал)

"Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон.

SUPER.KG порталы "Ооганстан толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Орто Азия, анын ичинде Кыргыз өлкөсү тынчсызданууга негиз жокпу?" деген собол салды.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул боюнча пикирин айтты.

"Бүгүнкү күндө Ооганстанда "Талибан" кыймылынын бийликке келиши бүт дүйнө жүзүн тынчсыздандырган ой-пикирлерин жаратып жатат. Ооганстанда болуп жаткан окуя 20 жылдан бери НАТО, Америка аскерлери демократияны орнотобуз деп Ооган өкмөтүнө миллиарддаган доллар менен аскерлердин өкмөтүн даярдап, эч нерсе курбай аягында өздөрү качып, чыгып кетишкен. Бул эмнени билдирет? Бул Ооганстанда болуп жаткан болгон жогорку деңгээлдеги ооган бийлигинин жана миллиарддаган долларды бөлгөндө туура эмес багытта жумшалып, коррупциянын бийик тепкичинин айынан социалдык тармактарга акча бөлүнбөй эч нерсе курулбай, эч кандай элге жардам берилбей карапайым эл, өзгөчө провинциядагы элдер бийликке кайдыгер жана каршы болгонун далилдеп көрсөтөт. "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү провинцияларда 80 пайыз оогандын жерлерин элдин жардамы менен, тынч жолу менен өтүп келди. Динди жамынышып, ойлорун байлап сугарып өздөрүнө тартышкан. Бүгүнкү күндө "Талибдердин" Ооганстанды басып алганы башка жол менен АКШнын, БУУнун, Кытайдын, Пакистандын жетекчилери менен сүйлөшүүгө барганы "Талибандардын" алдыга койгон ислам динин жамынган реалдуу пландары бар экенин түшүндүрөт. "Талибандардын" айткандары менен жасаган иштери көп учурда дал келбейт. Мына 2020-жылы Дохада АКШ аскерин чыгарып кетебиз дегенде алар эч кандай согуш жарыялабайбыз, элди өлтүрбөйбүз деди эле, көптөгөн провинцияларда адамдар каза болду. Элди багындырыш үчүн ушундай программаларын айтып жатышат. Иш жүзүндө кандай болот белгисиз. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттер булардын бийлигин тааныбай турат. Кандай жол менен булар өздөрүнүн ишин алып барат деп көз салып жатышат. Биринчи чыгарган мыйзамдары элди ишендире тургандай болууда. Иш жүзүндө кандай болот белгисиз. "Талибан" кыймылынын демилгеси же булар башка террордук уюмдарга өзүнчө чоң стимул бергени көрүнүп турат. Алардын негизи Борбордук Азиядагы мурдагы советтик республикаларга потенциалдуу коркунучтарды көрсөтүп турат. Ооганстандын армиясы, Америка жардам берген учактар, танктар, курал-жарактар "Талибандардын" колуна калып калды. Алар күчтөнүп алышты. Булар келечекте кандай жолго барат белгисиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттер ал жактан коопсуздук үчүн элчилигин кайтарып жатышат. Кечээ "Талибандар" жеңип алганда социалдык түйүндөрдө көптөгөн адамдар комментарий жазышып, кээ бирлери ошолорду жактап, мактап колдогондор болду. Бул ички дүйнөсү менен таасири бар экенин көрсөтүп турат. Идеялогиялык жактан чоң коркунуч бар. Кыргыз өлкөсүн басып келет деген түшүнүк туура эмес. Жаңжал чыгып, чек арада согуш болсо Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан чек араларында болушу мүмкүн. Бирок ага каршы чоң машыгууларды өткөрүштү. Ошон үчүн бул Талибандардын эсине келтире турган көрүнүш. Бүгүнкү күндө Орто Азия өлкөлөрүндө Өзбекстан, Тажикстан, анын ичинде Кыргыз өлкөсү социалдык тармактарга каражаттарынын кээ бир каражатын мамлекеттин чек арасын, курал-жарактарды чыңдоого кошумча чыгым кетирет. Дагы бир чоң коркунуч качкындардын келиши мүмкүн. Биз БУУнун мүчөсү болгондон кийин качкындарга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бул экономикалык жактан чыгымдар болот", - дейт Артур Медетбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан