"Карапайым калктын коопсуздугун, кызыкчылыгын коргоого чакырды". Министрлик Оогандын жаңы бийлигине кайрылды

Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалдын жана окуялардын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда. Министрлик жаңы бийликти калктын коопсуздугун камсыздоого чакырат. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасы, эки өлкөнүн дос элдеринин жалпы тарыхына жана маданиятына таянып Ооганстандын көп улуттуу элинин ички саясий туруктуулугуна, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына дайыма чын дилинен кызыкдар болгон жана болуп келет.

Биз бул өлкөдөгү кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөт, бул өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен көп жылга созулган аскердик жаңжал токтотулат жана Ооганстанда көптөн күтүлгөн тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук орнотулат деп үмүттөнөбүз.

Бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, зомбулукка барбоого жана улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан карапайым калктын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого, бардык этникалык азчылыктардын, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Ооганстандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз.

Кыргыз өлкөсү жакын арада тартип калыбына келтирилет жана Ооганстанда кризистик кырдаал күч колдонулбай, сүйлөшүү жолу менен чечилип, алдыдагы транзиттик мезгилде дос мамиледеги бүткүл ооган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан