Ош.ОГПИнин студенттери өзгөчө кырдаалда жашоо коопсуздугун сактоо жаатында практикалык сабак алышты

Кечээ, 31-октябрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунун студенттери өзгөчө кырдаал түзүлгөндө жашоо коопсуздугун сактоо жаатында атайын адистерден практикалык сабак алышты. Тактап айтканда, өрт учурунда, сел мезгилинде, көчкү жүргөндө сактануу жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча керектүү билим алышты. Ага ӨКМнын өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер катышып, баарын практика жүзүндө көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган имараттардын биринен өрт чыгып, анда калган жарандарды кырсыктан куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү тууралуу да практикалык окутуулар болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан