БШК Умбеталы Кыдыралиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Умбеталы Кыдыралиевди депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыдыралиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.

Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасы болуп дайындалган.

Ал "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан