"Жайкы спартакиада жыл сайын дени сак жашоо образын калыптандыруу, балдарды системалуу дене тарбия жана спорт менен алектенгенге чакыруу жана шаардык спартакиадага катышуу үчүн аймактын күчтүү спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлөт.

Ар бир мелдештин салтанаттуу аземине дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев катышты.

26-августта Фучик сейил багында боло турган Ленин районунун өспүрүм балдар арасындагы Жайкы спартакиада күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, шаардык спартакиада августтун аягында, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүшү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.