Бүгүн, 18-августта Бишкектеги Ооганстандын жарандары Бишкектеги Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына чогулуп митинг уюштурушту.
Анда 20 жылдай убакыт Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашаган оогандыктар Кыргыз өлкөнсүндөгү качкындардын расмий статусуна ээ болууну же болбосо, Канада же АКШга жөнөтүүнү талап кылышты.
Митингге келгендердин биринин айтымында, Кыргыз өлкөсүндө оогандык качкындарды 20 жылдан ашык убакыттан бери кабыл албай келишет. "Биз 20 жыл мурун келгенибизге карабастан качкындар статусуна ээ боло элекпиз. Эч кандай документтерибиз жок. Балдарыбыз бул жерден төрөлүп, чоңоюп калышты", - деди акциянын катышуучуларынын бири.
Акциянын катышуучулары эл аралык уюмдун көңүлүн бурдуруу үчүн Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында чыгышты.