31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага байланыштуу бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин, жеке ишкерлерди, шаар тургундарын активдүү катышууга чакырышты.
Ишемби жана жекшемби күндөрү менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар жана шаар тургундары ишембилик өткөрөт. Бул туурасында бүгүн, 18-август күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусундагы штабдык жыйынында айтылды.