"Көп маани берилбей калат". Балыкчыдагы темир жол бекетинде "коопсуз поезд" иш-чарасы өткөрүлүүдө

Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери темир жол бекетинде "коопсуз поезд" аталышындагы профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сапарга даярдануу учурунда, бекеттерде жана станцияларда саякатчылардын арасында аралашып жүргөндө ата-энелер жана балдар көпчүлүк учурларда өздөрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча эрежелерин унутуп калышат. Жүрүп бара жаткан вагондордо, түшөрдө жана кирерде, поезд убактылуу токтоп турганда бекеттерде жана станцияларда коопсуздук эрежелерине көп маани берилбей калат. Мындан улам Балыкчы шаарынын темир жол бекетинде түшүндүрүү иштерин өткөрүү уюштурулган.

Милиция кызматкерлери кичинекей жүргүнчүлөргө жана аларды коштоп жүргөн чоӊ адамдарга темир жол транспорту менен жүрүү учурунда эмнеге көӊүл буруу керектиги тууралуу айтып беришти. Укук коргоочулар тарабынан айтылган маалыматтар жеке эле балдарды эмес, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн да кызыктырды", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан