"Тарбия иштеринин башчысы кызматынан алынган". Ошто бала бакчада сабалган 5 жашар кыздын иши акыйкатчылар тарабынан көзөмөлгө алынды

Ош шаарындагы "Жасмин" жеке менчик бала бакчасында сабалган 5 жашар кыздын сотуна мониторинг жүргүзүлөт. Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, жабырлануучу иши көзөмөлгө алынды.
"Кыздын ата-энеси менен болгон телефондук сүйлөшүүдө бала "Жасмин" бала бакчасынан алынганы белгилүү болгон. Алар баласынын психологиялык жактан катуу жабыркаганын белгилешти. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дагы арыз менен кайрылышкан", - дешти мекемеден.
Ата-эненин арызы 6-апрелде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабыркаган кызга тиешелүү медициналык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.
"Акыйкатчынын өкүлдөрү "Жасмин" жеке бала бакчасына барганда директор ордунда жок болгон. Акыйкатчы институтунун аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери улук тарбиячы Э.Тентимишова менен сүйлөшүп, ал бул окуяга катышкан Динара Сатыбалдиева бала бакчада бухгалтер болуп иштээрин, ошол күнү ал тарбиячынын ордуна иштегенин айтты. Учурда ал бала бакчадагы кызматынан бошотулганын, ошондой эле окуу жана тарбия иштеринин башчысы Мария Быкова да кызматынан бошотулганын кошумчалады", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
12-августта Ош ШИИБинин Тергөө кызматы тарабынан айыптоо актысы чыгарылып, аны бекитүү үчүн прокуратурага жана материалдар сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Бул иш Акыйкатчы интститутунун Ош облусундагы жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.
Эске салсак, апрель айында менчик бала бакчалардын биринен 5 жаштагы кыз сабалганы кабарланган. Анда кыздын апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызын уруп, чачтарын жулуп, ийне сайып салган деп жазган.
Кийинчерээк SUPER.KG порталы окуя болгон "Жасмин" аталышындагы менчик бала бакчага кайрылып, директордон окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muslima-0788
2021-08-18 19:23:57
Ошого балдарымды садике бербедим мен.Бироонун баласын бироо эч качан жакшы карабайт.Эми садике берсе коп нерсени уйронот,озун иштеп акча табасын го анан ушундайын укканда чыдабайсын да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан