Үйүнөн чыгып кеткенине 20 күн болду. Нарында дайыны билинбей жаткан жаранды дарыядан издөө иштери башталды

Нарын облусунун Учкун айылында 30-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштерине куткаруучулар тартылды. Алар дайыны жок болуп жаткан жаранды туугандарынын суранычы менен Нарын дарыясынан издеп баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1982-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон жарандын жакын туугандары куткаруучуларга кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранышкан.

"Бүгүн, 18-августта жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө издөө иштери токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө иштери 19-август күнү улантылат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан