"Министрликтин өтүнүчү менен ири кампадан сатып алынды". ЮНИСЕФ жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашкан медициналык каражаттарды тапшырды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 12 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттары тапшырылды. Мындай жардам ЮНИСЕФ тарабынан көрсөтүлгөнүн аталган уюмдан кабарлашты.

Гуманитардык жардам иретинде медицина кызматкерлери үчүн 8 миң бет кап, эмдөөчүлөр үчүн 12 миң 500 жуп нитрилдүү кол кап, 20 миң жуп гинекологиялык кол кап жана 11 миң 350 антисептик тапшырылды.

"Министрликтин өтүнүчү боюнча ЮНИСЕФ жеке коргонуу каражаттарын дүйнөдөгү эң ири гуманитардык жардам кампасы жайгашкан Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул өтө зарыл буюмдарды пандемияга жооп катары көрүлгөн эмдөө иш-чараларына колдоо көрсөтүп, илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди коргоо үчүн колдонот.

ЮНИСЕФ COVID-19 менен күрөшүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздап, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды сатып алып, медицина кызматкерлерин өтө зарыл буюмдар менен камсыздап, ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан