Социалдык тармакта оогандык өспүрүмдүн ыйлап жаткандагы видеосу кызуу талкуу жаратты. Видеодон бала өлкөсүндөгү кырдаалга капа болгондуктан ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары баланын кайгысын тең бөлүшүп, сооротуучу комментарийлерин калтырышууда.
"Менин кичинекей уулум, бизди, чоң кишилерди кечир. Согуш деген ушундай экен, күчтүү чоң кишилер качып кетишет, алсыз аялдар менен балдар эле калып калышат",
"Жүрөк ооруйт... Байкуш балдарда эмне күнөө?",
"О Жараткан, ушул балдарга жардам бер, буларда эмне күнөө?",
"Адамдар качан эсине келет? Качан тынч жашайт?" деген пикирлерин калтырышкан.
15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөлдүктү орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык башаламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.