"Камчыбек Ташиевдин уулунун тою резиденцияда өттү" деген маалымат калп", - деп SUPER.KG порталына "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын директору Адилет Билимбек уулу билдирди.
"Жок, качан, кайсы маалда өтүшү мүмкүн? Андай болсо мен билишим керек болчу. Маалымат калп", - деди ал.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун үйлөнүү тою "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөнү айтылган.