Ош шаарында сентябрь айында баш кошкондордун саны 213тү, ал эми ажырашуулардын саны 31ди түзгөн. Мындан сырткары төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк 517 ымыркайга берилсе, өлгөндөрдүн саны 132ни түзгөн. 2013-жылдын башынан бери шаарда 1400 түгөй никеге турган, 345 ажырашуу катталган. Бул тууралуу Ош шаардык Жарандык абалы боюнча актыларды каттоо кызматынын башчысы Светлана Жороева билдирди.