Баштапкы баасы 50 доллар. Акжол Махмудов Олимпиадада кийип чыккан трикосун аукционго койду


"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов беттеште кийген спорттук формасын аукционго койду. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, кайрымдуулук иштерин жасоого кадам таштаганын белгиледи.

"Кичинекей кезимден эле Олимпиаданын алтын медалын жеңип алууну жана муктаж болгондорго жардам берүүнү, өлкөбүздө спорттун гана эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданчумун. Мекенге кайтып келип, элим үчүн жакшы иштерди - мектеп, мечит, жол куруу, муктаж болгондорго жардам берүүгө чечкиндүү экенимди түшүндүм.

Дал бүгүн кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишиме биринчи кадам таштагым келди. Учурда жардамга муктаж болгондорго кол сунуу үчүн бир гана мүмкүнчүлүгүм - Олимпиадада кийген трикомду аукционго коюу (эгер кааласаңыз ага кол тамгамды калтырам).

Мага берилген каражатты кайрымдуулук фондго которууну мерчемдеп жатам. Баарыңыздар билесиздер, Токиодогу Олимпиада мен үчүн биринчи мелдеш болду. Мен бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага алынган батирде жашагандыктан мамлекеттен сыйлык катары бериле турган акчага үй-бүлөмө үй сатып алууну пландап жатам.

Мени колдоп коюуңуздарды суранам. Алдыда элимдин жыргалчылыгы үчүн жакшы иштерди жасоого башка мүмкүнчүлүктөрүм болот деп ишенем! Эгерде аукциондо Бишкек шаарынын тургуну утса, мен бул форманы жеке өзүм тапшырам.

Баштапкы баа 50 доллар. Аукцион август айынын аягына чейин уланат. Койгон бааңыздарды менин билдирүүмдүн алдына же жеке кат аркылуу сунуштасаңыздар болот. Аукциондун жабылышында эң жогорку сумманы сунуштаган жак жеңүүчү болот. Аукцион бүткөндөн кийин мен утуучу менен байланышам жана чогуу лотту өткөрүп берүүнүн ыңгайлуу вариантын талкуулайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-08-19 22:09:17
Баракелде
+10
munduz2016
2021-08-20 02:58:58
Азаматсың,дүйнө чемпиону болууңа тилектешмин.
+2
Mylatka..
2021-08-20 12:28:00
Тилегинерге жеткиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан