Феликс Кулов “Кумтөрдүн” алтыны тең экиге бөлүнүшү керек дейт

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн, 1-ноябрда маалымат жыйынында: “Айрым депутаттар “Кумтөр” боюнча макулдашууда акцияларды 50 пайыздан бөлүүгө макул болушту. Анда алынган алтынды да тең экиге бөлүү керек болуп калат”,- деп билдирди. Мындан сырткары “өкмөт алтынды жөн эле алып, мамлекеттин алтын резервине сактап коё алат” деп кошумчалады. “Биз 2003-2009-жылдары түзүлгөн “Кумтөр” боюнча келишимде коррупциялык схеманын бар же жогун иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштадык. Эгерде мындай фактылар болсо, мурдагы келишимдерди жокко чыгара алабыз. Мында бизди коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенция коргойт”,- деди Кулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан