Жарандык активист Тилекмат Куренов 1 жыл 6 айга камакка алынды

Бүгүн, 20-август күнү Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту жарандык активист Тилекмат Куреновго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган сот активистти 1 жыл 6 айга камакка алуу түрүндө чечим чыгарган.

Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон.

26-апрелде ал үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан