Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон жарлыкка ылайык, 8-ноябрдагы иш күнү (жума) 16-ноябрга жылдырылды. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай чечим эс алуу күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Айта кетсек, 7-октябрда өлкөдө Улуу Октябрь революциясынын күнү майрамдалат. 8-ноябрь да эс алуу күнү болуп, бул иш күнү кийинки аптанын ишемби күнүнө (16-ноябрга) жылды.