"Катуу ылдамдыкта бара жаткан". Чүйдөгү жол кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү аныкталды

Буга чейин Чүй облусунун Ивановка айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, дагы 3 адам жабыркаганын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкен.

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатканын белгилешти.

"Жол кырсыгы бүгүн, 20-августта саат 16:20 чамасында Бишкек-Токмок айланма жолунун 50-чакырымында “Талисман” кафесинин жанында катталды. Анда Токмок шаарынын 1989-жылы туулган У.З. аттуу тургуну Даймлер-Крайслер Е-200 унаасы менен күн чыгыш багытында бара жатып рулга ээ боло албай жолду бөлүп турган цемент тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, жүргүнчү катары бара жаткан 18 жаштагы Р.Г. жана өспүрүм алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушту.

Ал эми 22 жаштагы С.А., 44 жаштагы С.Г., 35-40 жаш чамасындагы (аты-жөнү такталууда) үч жүргүнчүсү Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилди. Камерага унаа катуу ылдамдыкта (саатына 140 чакырым) бара жатканы түшүп калган", - дешти мекемеден.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык жол кыймылынын катышуучуларын эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-08-20 21:07:27
Акырын эле айдабайбы
+2
KaGaH
2021-08-20 21:40:02
Кыргыз кырылып бүтмөй болду жол кырсыктарынан,жол эрежесин эч ким билбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан