Акыркы убактарда оор финансылык көйгөйлөрдү башынан өткөрүп жаткан "Барселона" футболдук клубу банктан чоң суммадагы насыя алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, клуб 1,98 пайыз менен 10 жылдык убакытка 455 миллион евро насыя алган.
Ал эми "Барселонанын" президенти Жон Лапорта клубдун финансылык абалы жаңы оюнчуларды алууга, ошондой эле команданын көп жылдык лидери Лионель Месси менен келишимди узартууга мүмкүндүк бербегенин маалымдаган.
Ошондой эле каталондук клубдун карызы 1 миллиард 35 миллион еврону түзгөнүн кошумчалаган.
Белгилей кетсек, "Барселона" тапкан кирешесинин 103 пайызын айлык акыга коротот. Бул башка командалардан 20-25 пайызга жогору