Баткенде элди турак жай менен камсыз кылуу иш-аракети солгун жүрүп жатканы айтылды

Бүгүн, 21-августта Баткенде элди турак жай менен камсыз кылуу иш-аракети солгун жүрүп жатканы айтылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы бардык айыл өкмөттөрдүн башчыларына жана айылдык кеңештин төрагаларына чукул жыйын өттү. Алгач жыйынга себепсиз кечигип келген айрым жетекчилер жыйындан четтетилип, аларга сөгүш жарыяланды.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы көйгөйлөрдү чечүүдө жеринде аракеттер ыкчам көрүлбөй жатканын кошумчалап, эгерде кайсы бир жетекчи өз ишин жогорку деңгээлде натыйжалуу аткара албаса элди да, мамлекетти да кыйнабай кызмат ордун тапшырып кетүүнү талап кылды.

"Мындан сырткары элди турак жай менен камсыз кылуу иш-аракети солгун жүрүп жатканы айтылды.

Анан да айыл аймактарда ички, сырткы инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү калкты жумуш ордулары менен камсыз кылуу маселеси каралып, бул багытта айыл аймак башчылары, аким-мэрлер иш-аракеттерди активдүү жүргүзүү керектигин айтып, өз айыл өкмөттөрүн датациядан чыгарууну талап кылды.

"Бир нерсе десе иштеп жатабыз деп отурасыңар, элдин ичинде көйгөй өтө көп, бийлик менен калктын ортосунда ишеним жок. Шалаакы мамиле менен Баткен облусу Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алгандыгынын 30 жылдыгында бир гана облус деп аталып калды. Башка чоң долбоорлор, жумуш ордулары, завод-фабрикалар курулган жок! Урматтуу жетекчилер, акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр жана жергиликтүү кеңештин депутаттары. Бизди эл карап турат, андыктан биз күнү-түн жан үрөп иштешибиз керек", - деди Алимбаев.


Жыйындын жүрүшүндө кошумча суугат суу, ичүүчү таза суу жана курулушу токтоп калган объекттер, кышка карата даярдыктар жана алдыдагы 31-август Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча кеп болду", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2021-08-21 18:52:45
Ийгилик каалайм Абдикарим Карбекович Баткен үчүн жакшы иштерди жасайсыз деген үмүттөмүн.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан