Өткөн суткада Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 543 чакыруу түшкөн. "Тез жардам" анын ичинен 414үнө барып, 114 адам ооруканага жаткырылган. Мындай маалыматты бүгүн, 1-ноябрда шаардык "Тез жардам" станциясы кабарлады. Өткөн суткада 5 жол кырсыгы, 3 криминалдык окуя, 7 өлүм катталган. Фрунзе-Алматы көчөсүнүн кесилишинен 45 жаштагы адам бийиктиктен кулап, баш мээси чайкалган. Ал эми Боталиев көчөсүнөн 8 адам иске ууланып, аларга биринчи жардам көрсөтүлгөн.