Бүгүн, 21-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районундагы тигүү фабрикасынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана жергиликтүү тургундарды 300дөн ашуун иш орду менен камсыздайт. Мамлекет башчысы ишкананын эмгек шарттары, жумуш орундарынын тартиби жана өндүрүштүк техниканын абалы менен таанышып чыкты.
"Фабриканын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда президент мамлекеттин жакшыртылып жаткан социалдык саясаты, ишкерлерди жана бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоо боюнча пландарын дагы бир жолу кеңири айтып берди. Мындан сырткары ал белгилегендей, жакында киргизилген райондук мамлекеттик администрация жетекчилери — акимдерди ротациялоо тажрыйбасы ортоңку звенодогу жетекчилер арасында дагы улантылат.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар аймакты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча өз идея, сунуштарын айтып, жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер болсо тармакты колдоо боюнча бир катар сунуш жана өтүнүчтөрүн билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда ушул жылдын августунан тартып продукциясы коңшу өлкөлөргө Казакстан, Өзбекстан жана Орусия базарларына экспорттолуп жатат.