Тажик тарап Головной суу бөлүштүрүү аймагындагы жер казуу иштерин токтотту

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-августта болжол менен саат 10:00дө Головной суу бөлүштүрүүчү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган.

"Кийинчерээк саат 12:00 чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КамАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа) Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.

Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган иштерди Исфара (Тажикстан) шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болгон.

Тез аранын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон", - деп билдиришти атайын кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-08-22 10:19:53
Тажик президенти бир нерсе көрөйүн деп калыптыр, тезирээк эле кудай көрчүсүн көрсөтсө экен, деги бизди тынч коёбу бул фашист.30 жыл унчукпвй келип эми тийишкени эмнеси, сен фарска окшоп куулуп шерменде болсоң экен.
+11
surgeon777
2021-08-22 10:46:58
Булар эмне эле 1 айда бир оорусу кармап замыкать этип турушат?!Карангы,тупой эл...
+13
suban78
2021-08-22 12:09:15
Карыган президенттерден, бир эле Рахмон эмес, деги эле бардык карыган президенттерден этият болуш керек экен. Ыраматылык Каримов да согуш жонундо суйлоп калды эле акырын узатып коюшту го.
+6
Dembele84
2021-08-22 12:09:17
Токтотту и дагы кичине эс алып кайра баштай берет.Бийликтин начарлыгын,эч нерсе кыла албашын билип бутту.
+13
Pankration_MMA
2021-08-22 12:34:55
Пока токтотуп туратта, анан кайра баштайт, силерди (бийлик) тоотпойтко алар.
+5
nur...nur.
2021-08-22 13:09:48
Кыларга иши жокпу бул тажиктердин башка
+5
himik
2021-08-22 15:12:14
Кудай сактасын, булар бир нерсеге даярдангандай иштерди жасап жатат, окопторду казып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан