Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда мекендешибиз Акыйкат Кулжигит уулу коло медалга ээ болду.
Ал күрөштүн грек-рим түрү боюнча 55 килограмм салмакта катышкан.
Коло байге үчүн күрөштө ал тажикстандык Асламжон Азизов менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алды.