Гаитидеги жер титирөө: Каза болгондордун саны 2207ге жетти

Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2207 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, дагы миңдеген жаран ооруканада дарыланууда.

"Мындан тышкары көптөгөн жарандар дайынсыз болууда. Учурда табылбай жаткан жарандарды издөө жана кыйраган имараттарды тазалоо үчүн атайын топтор дагы эле иш алып барып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 14-августта Гаитидеги Пети-Тру-де-Нип аймагында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Көп өтпөй ошол эле аймакта 5,2 баллдык жер силкинүүсү кайрадан орун алган.

Жаратылыш кырсыгынан улам Гаитидеги бир канча шаар толугу менен кыйрап калганы маалым болгон. Ошондой эле 10 миңге жакын адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан