Социалдык тармактарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин видеосу менен даярдалган кыскача ролик жарыяланып, талкууга алынууда. Ал видеодо Ташиев өзү "каарман" катары көрсөтүлгөн. УКМКнын төрагасынын жаратылышта ойлуу жүргөндөрүн эркек кишинин үнү менен окулган чыккынчылык тууралуу үн коштогон.
"Мен мага калп айтып жаткандарды, көзүмчө бирди сүйлөп, артымдан калп айткандарды жек көрөм. Күлүп туруп мага чыккынчылык кылып, кайра эле өздөрүнүн ишенимдүү экенине убада бергенди жек көрөм. Өтө жасалма болгон таттуу сөздөрдү да жек көрөм" деген маанидеги ыр окулган.
Тасма качан тартылганы азырынча белгисиз.