Кыргызстан 9 ай ичинде Орусияга 110 миллион долларлык товар экспорттоду
Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстан
9 ай ичинде товарды 5 мамлекетке эң көп экспорттогонун билдирди. Маалыматка ылайык, Орусияга 110 миллион 816 миң долларлык, Казакстанга 287 миллион 257 миң долларлык, Өзбекстанга
121 миллион 682 миң долларлык, Швейцарияга 262 миллион 395,5 миң долларлык жана АКШга
38 миллион 438 миң долларлык товар экспорттогон. 2013-жылдын январь-сентябрь айларында
экспорттоо боюнча эң аз Молдовага 154,3 миң долларлык, Японияга 757,5 миң долларлык товар жөнөтүлгөн. Мындан сырткары Кыргызстан башка өлкөлөргө 99
миллион 308 миң долларлык товар экспорттогон. Украина, Молдова, Япония,
Нидерланды өлкөлөрүнө экспорт жогоруласа, Германия, Арменияга
экспорттоо төмөндөгөн. Орусияга өткөн жылы 169 миллион 968,6 миң долларлык
товар экспорттолгон.