Ооганстандан Катарга эвакуцияланган. Таңга маал 11 Кыргыз жараны Бишкекке келди

Кыргыз өлкөсүнүн Катар мамлекетиндеги элчилигинин көмөгү астында бүгүн, 23-августта саат 04:40та Доха-Дубай-Бишкек аба каттамы боюнча 11 Кыргыз жараны Бишкекке келди. Алар буга чейин америкалык тарап уюштурган атайын учак менен Ооганстандан Катарга эвакуацияланганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жумуш берүүчүлөр көрсөтүлгөн каттам боюнча авиабилеттерди сатып алышкан.

Ооганстандын аймагында калган ала-тоолуктар Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүндө коопсуздукта, алар жакынкы аралыкта мекенине эвакуацияланышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчилигинин жардамы менен 22-августта Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен дагы 1 Кыргыз жараны эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан