Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетип, оор абалда ооруканада. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 23-августта болжол менен саат 11:00 чамасында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа Чүй көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №111 үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган жөө жүргүнчү оор абалда Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.