Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыктан Honda Stepwgn унаасында бара жаткан 8 жүргүнчү жана айдоочу окуя болгон жерде мүрт кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Honda Stepwgn Бишкектен Токтогул районуна бара жаткан. Ал эми Volvo жүк ташыган унаа Баткенден Бишкекке келе жаткан.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташыган унааны барып сүзгөн. Жеңил унаа үчкө бөлүнүп кеткен, кырсык катталган жерден 8 чоң киши, 1 өспүрүм каза болгон. Азыр маркумдардын сөөктөрү өлүкканада. Алардын аты-жөнү такталууда.
Ал эми жүк ташыган унаанын айдоочусу тирүү. Учурда жеринде кызматкерлер иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.