Өкмөт башчы: “Кыргызстан Казакстандан жаратылыш газын, мунайзат жана мунайзат өндүрүмдөрүн ташууга кызыкдар”

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 1-ноябрдагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 4-жыйынында “Кыргызстан Казакстандан жаратылыш газын, мунайзат жана мунайзат өндүрүмдөрүн ташууга кызыкдар” деп билдирди. “Кыргызстан Казакстан менен суу ресурстарын туура пайдалануу, электр энергиясын экспорттоо, энергетика тутумунун туруктуу ишин камсыздоо тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Чек ара райондорундагы калктын жашоосунун сапатына байланыштуу маселелерди чечүү, соода тоскоолдуктарын жоюу, ишкерликти жүргүзүүнүн ачык жана түшүнүктүү эрежелерин түзүүдө чек аралык кызматташуу комиссиясы иш-аракеттерди көрүүсү керек”,- деди Сатыбалдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан