Индиянын түндүгүндө жыл сайын өтүүчү таш ыргытуу фестивалында 70тен ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Адамдардын бири-бирин көздөй таш ыргытуу фестивалы жыл сайын Индиянын Девидхура ибадатканасында Ай толгон күнү белгиленет. Алардын ою боюнча майрам күнү кан төгүлбөсө, анда ал бактысыздыкка алып келип, Кудайга жакпайт деп эсептешет.
"Салтка айланган фестивалда айрым адамдар жаракат алса, өмүрү кыйылгандар да кездешет. Ошол себептүү жергиликтүү бийлик таштарды мөмө-жемиштер менен алмаштыруу керек деген чечим чыгарган. Бирок тургундар ырым-жырымга бекем ишенишкендиктен азыркы күнгө чейин жалаң таш эле колдонулуп келет", - деп айтылат маалыматта.