Бишкекте 1-ноябрдагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 4-жыйынында Кыргызстан менен Казакстан ортосунда газ алып келүүдөгү маселелер жөнгө салынды. Кеңеш кайрадан түзүлгөн “Кыргызгаз” ААК – “КыргызгазПром” ЖЧК ишканасына 2013-жылдын 1-декбрына чейин “Кыргызгаздын” 2003-2006-жылдардагы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмени алууну айтты. Мындан сырткары өкмөттөр аралык кеңеш 2014-жылга чейин Казакстандан Кыргызстанга 300 миллион метр куб жаратылыш газын ылайыктуу баада берүү маселесин кароону буюрду. Эки тарап Кыргыз Республикасы аркылуу транзитти эске алуу менен газ алып өтүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүүгө макулдашты.