Ош облусунун Араван районунда ири өлчөмдөгү акча уурдаган 31 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-август күнү Араван районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, өзүнүн үйүнөн 780 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө 15-август күнү Өзгөн районунун 34 жаштагы А.Т. аттуу тургуну кармалган.
Ал 4-август күнү саат 11:00 чамасында жабырлануучунун үйүнө кирип 720 миң сом, 60 миң рубль жана жалпы баасы 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткен. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.