Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багында калаа тургунунун уюлдук телефонун уурдаган келиндер видеого түшүп калышты. Шектүүлөрдү милиция издеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 22-август күнү Биринчи Май РИИБине Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз жарандар Бишкектеги Панфилов сейил багынан баасы 40 миң сомду түзгөн iphone 7 үлгүсүндөгү телефонун жашыруун түрдө уурдап, из жашырып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн аты-жөндөрү такталууда. Учурда иликтөө жана издөө иш-чаралары дагы улантылып жатат", - дешти милициядан.