ИИМде акыркы 6 айдагы жыйынтык боюнча коллегиялык отурум болуп өттү

2021-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 6 айда аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча маалымат берди.

“Негизинен 6 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды, ошону менен катар кемчиликтер да болду. 1051 адамдан турган 425 кылмыштуу топ колго түшүрүлүп, алар тараптан 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталган. Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 580 фактыны түзгөн. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 тонна 910 килограмм 801 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар жана перекурсорлор алынды", - деди Өмүрзаков.

Коллегиянын жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып, айрыкча элдин көйгөйүн жаратып жаткан ачылбай жаткан уурулук жана тоноочулук фактыларынын ачылышы өзгөчө көзөмөлгө алына тургандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан